Кыргызстанда бугун мугалимдер күнү белгиленүүдө. Өлкөдө 116 миңге жакын педагогдор эмгектенет

0
350

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, азыркы убакта Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 116 миңге жакын педагогдор эмгектенет. Анын 83 миңге жакыны мектеп мугалимдери.

2021-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын, 9 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет.
Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдө.
2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь