Бүгүн, 13-майда саат 12:44тө Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Ал эми алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.