Кыргызстан быйыл тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт

0
519

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карыздын 400 млн долларын төлөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон иш сапары учурда билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3 жылда өлкөнүн жалпы бюджети 329,2 млрд сомго өстү. Тышкы карыздын ири суммалары 2030-жылга чейин төлөнөт. 2023-жылы — 344 млн доллар төлөнгөн болсо, 2024-жылы — 400 млн, 2025-жылы — 430 млн, 2026-жылы — 390 млн доллар төлөнөт.

Эске салсак, финансы министрлигинин 2023-жылдын 30-сентябрына карата берген маалыматында өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 486 млн долларга жеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь