Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу иш-чаралары уланууда

0
538

Баткен облусунда милиция коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоодо. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, Баткен районунун жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеринде иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу эрте менен Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.

«Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты; Укук коргоо органдарынын бөлүктөрү чек арага жакын аймактарды биргелешип күзөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тараптардын чек ара отряддары чек аранын такталбаган тилкелерине коюлган эмес.

Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-сентябрда тажик тарап кыргызстандын үч аймагынан ок атып, атышуу орун алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь