Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 38 чакырымдан ашуусу такталды

0
882

10-январдан 16-январга чейин Баткен шаарында өткөн  Кыргызстан менен Тажикстандын делимитация жана демаркация боюнча делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусунда чек аранын  38,35 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь