Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери уланууда

0
1173

Үстүбүздөгү жылдын  10-мартынан 16-мартына чейин Тажикстандын  Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү. Жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь