Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улан Примов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Улан Примов 2021-жылы No11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Белгилей кетсек, буга чейин 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Нурланбек Шакиев дайындалган.






