Кык жайлоосундагы өрттү өчүрүү иштери уланууда

0
802

Кечээ, 14-сентябрь күнү Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосундагы Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын маалыматында,өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаарынан 11 куткаруучу жана Зил-131 унаасы, айыл өкмөтү тарабынан 15 жергиликтүү жаран тартылган.

Ал эми бүгүн, 15-сентябрь күнү эрте мененки саат 04:00дө кошумча күч катары Камаз, АСМ унаасы менен 51 куткаруучу тартылды.

Тактап айтканда, КР ӨКМнен 45, Токой чарба кызматынан тартылган 6 кызматкер учурда жайыттын күн чыгыш тарабында иш алып барууда.

Ал үчүн 10 топко бөлүнгөн өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тобу техника барууга мүмкүн болбогондуктан, кол күч каражаттары менен өрттү өчүрүү иштерин улантууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь