Ысык-Көл облусунун Барскоон капчыгайына 17 жаштагы бала козу карын тергени кетип дайынсыз жоголгон.
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургунун издөө иштерине 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган.
Бүгүн 20-июлда таңкы саат 05:20да баланын сөөгү туугандары тарабынан табылып, Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери сөөктү тоодон түшүрүп беришкен.