Кооптуу жайларда сууга түшкөн балдары үчүн 152 ата энеге айып салынды

0
441

Тийиштүү кызматтар күн жылый баштагандан бери сууга чөгүү фактыларынын алдын алуу боюнча эл арасында түшүнүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери кооптуу суулардын айланасына эскертүү банерин илип, суу боюнда жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү актыларын берүүдө.

Облустук милициянын маалыматында Баткен облусунда өспүрүмдөр катышкан мындай окуялар,жарым жыл ичинде 6 ирет катталып, 6 бала көз жумган. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 киши каза болгонун билдирет.

Облустук милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору Муңдузхан Үсөнованын маалыматында, ”көлмө,дарыялардын жээктеринде эскертүү жарнактары илинип, түшүндүрүү иш чаралары жүрүп жатат.Ошого карабастан,сууга чөгүү фактылары каталып келе жатат.Бүгүнкү күнгө чейин балдардын түшүүсүнө тыюу салынган жерлерде, сууга тушкөн балдары үчүн, 152 ата-энеге 1000 сомдон айып пул салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь