Лейлек районунунда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынын алдына алуу боюнча күн сайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Кооптуу болгон жерлерге милиция кызматкерлери тарабынан эскертүү тактайчалары, банерлер жасалып, орнотулууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Фергана, Арка, Достук каналдарында көзөмөлсүз, өз алдынча сууга түшүп жаткан жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле каналдардын бойлорунда жашаган үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди өткөрүп, эскертүү актылары берилүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте атайын рейддер уюштурулуп, кооптуу каналда сууга түшүп жаткан 9 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле канал бойлорунда жашаган 42 кожолук текшерилип, 97 чоң жаран, 23 өспүрүмгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2022-жыл башынан бери Лейлек районунунда жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп каза болгон 1 фактысы катталган.






