Коопсуз жай издеп чыккан 113миңге чукул баткендиктер өз үйлөрүнө кайтууда

0
883

Баткен облусунун аймагында кырдаал турукташкуудаандыгына байланыштуу “112 миң 899 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады”.Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти.
Бишкек шаарына эвакуацияланган жарандарды да өз үйлөрүнө жеткирүү үчүн “Кааба уулу Кожомкул” атындагы спорт ордосунда атайын пункт ачылган.
«Учурда Бишкек шаардык мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан атайын унаалар даярдалып, жарандарды жеткирүү иши уюштурулууда.
Жарандарды Баткенге жеткирүү тууралуу маалыматты алуу үчүн, ӨКМдин «112» кызматы кайрылыңыздар», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тажикстандын кол салуусу учурунда Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь