Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште Кыргызстандык балбандар жалпы 10 медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтына жарыяланды.

Турнирде балбандар төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медаль тагынышты:

Белгилей кетсек,
1.Эрназар Акматалиев алтын медаль;
2.Акжол Махмудов алтын медаль;
3.Бекболот Мырзаназар уулу алтын медаль;
4.Айпери Медет кызы алтын медаль;
5.Саякбай Усупов күмүш медаль;
6.Алибек Осмонов коло медаль;
7.Жоламан Шаршенбеков коло медаль;
8.Атабек Азисбеков коло медаль;
9.Ильяс Ренат уулу коло медаль;
10. Калидин Асыкеев коло медал утушту






