Саламаттык сактоо министрлиги Катардан келген дарыгерлер Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча бекер операцияларды жасарын билдирди.
Учурда бейтаптарды тандоо иштери жүрүп жатат. Тандоо 20-сентябрына чейин уланат. Ага эки тараптуу дүлөйлүгү, төртүнчү даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар 5 жашка чейинки балдар кабыл алынат.
Операциялар ушул жылдын 24-октябрында жасалат. Анын алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн өтүп, медициналык комиссиядан өтүшү керек.






