Чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен аскер кызматкерлерине чукул жардам көрсөткөн дарыгерлер менен аскер кызматкерлери сыйланды.
Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы жана «Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен жалпы 18 кызматкер сыйланды.
Анын ичинде Баткен облустук бириккен ооруканасынын 5 дарыгери “Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен сыйланышты. Алар, Кудайберди Жаныкулов, Таалайбек Сооров,Рустам Хусейнов,Сапарбай Сатыбалдиев, Бакытбек Бакировдор болду.