Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.
Бул долбоордун ишке ашуусу менен, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.
“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат,
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл деп белгиленет, маалыматта.