Кадамжайдагы автогазоблок заводунун курулушу 80% бүттү

0
501

Кадамжай районундагы  автогазоблок  заводунун курулушу 80%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Ага ылайык, бул ишкана герман технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу болуп саналат.

Долбоор Президенттин Баткендеги өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинде каралып, заводду куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 5,0  га жер аянты ажыратылган. Мындан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат берилген.

Бул өндүрүш ишканасынын курулушу менен  биринчи этапта эле 150дөй жумуш орду түзүлөт. Экинчи этапта жалпы  200дөй жумушчу алынат.

Ишкананын сметалык баасы 14,5 млн. АКШ долларын түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь