Кадамжай районунда магистралдык каналдын курулушунун 1-этабы аяктады.Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Каналдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен курулуш башталган. Каналдын трассасынан өтүү үчүн тоо тектери жарылган.
“Алга кадам” каналын узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Каналдын курулушу 4200 га жерди сугат суусу менен камсыз кылат.
Долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.
Ирригациялык обьекттин каржылоосу коомдук бирикменин каражаттарынан жана жарым — жартылай республикалык бюджеттен каржыланат — деп белгиленет маалыматта.