Облустук милициядан билдиришкендей, кечээ, 21- октябрда Кадамжайдын Жийделик участкасында Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну унаасында бара жатып, рулду башкара албай жол четине чыгып кеткен. Натыйжада унаадагы жүргүчү эки кыз денесинен жараат алып, Кадамжай жалпы дарыгерлик практикалык борборуна кайрылган.
Бул маалымат райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.