Кадамжайда спирттик ичимдик саткан дүкөндөргө эскертүү кагаздары илинди

0
2518

Кадамжай районунун аймагындагы спирттик ичимдик саткан дүкөндөргө эскертүү кагаздарын илинип, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилди.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдирдиргендей райондун аймагында милиция кызматкерлери балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укугун коргоо жана балдардын ден соолугуна кам көрүп, туура багытта тарбиялоо максатында соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө балдарга спирттик ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатпоо боюнча сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Район аймагында 11 ай ичинде 33 өспүрүм тамеки тартканы аныкталып, айып пулдар салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь