Кадамжайда мектеп окуучулары арасында жугуштуу ооруулар боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

0
117

Кадамжай райондук санэпид көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери Үч-Коргон айыл аймагындагы “Манас Ата” орто мектебинде окуучулар менен жолугушуп, жугуштуу сарык жана мите курт оорууларын алдын алуу боюнча маалымат берди.

Иш чарада, окуучуларга тазалыкты сактоо, колду туура жуу жана жеке гигиеналык эрежелер түшүндүрүлдү. 

Эске салсак, Кадамжай районунда  ушул жылдын тогуз айында сарыктын 561 учуру катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь