Кадамжайда мечиттин курулушка топтолгон 67 500 сом акчаны уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Исхак-Полотхан аймагынын Таш-Дөбө айылындагы «Зийабидин ажы» мечитиндеги курулушка топтолгон 67 500 сом акчаны уурдоого шектелген Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, уурдаган акчаларын “Зийабидин ажы” мечитине өткөрүп берди.
Ошондой эле, уурулукка шектелген жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.