Кадамжайда коомдук угуулар өттү

0
438

Коомдук угуулар Майдан айыл аймагында, Айрыбаз жана Кара-Жыгач айылдарында өтүп, иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын оң имиджин түзүүгө жана бюджеттик процесс тууралуу жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.

Иш-чаралар учурунда катышуучулар жергиликтүү бюджетти түзүүнүн ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүү боюнча сунуштарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, 2025-жылга карата жарандык бюджетти түзүү боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ролу да каралды.

Иш-чара USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында уюштурулуп, бул демилге 2021-жылдан бери 900дөн ашык муниципалдык кызматчы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатууга жардам берип келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь