Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, кечээ, 5-июнь күнү кечки жааган жамгырдан улам Кадамжай районунун Майдан айылындагы Гараж, Анипа, Чокой сел өткөрүүчү сайларына сел суулары келген. Үч-Коргон — Дароот-Коргон ички чарбалык жолун сел суулары баскандыгы аныкталган. Жерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран, 2 жеке менчик экскаватор жана 1 Камаз тартылган.
Натыйжада Үч-Коргон — Дароот-Коргон унаа жолу толугу менен калыбына келтирилип, жол каттамы ачылган.