Милициянын иликтөө иш-чарасынын негизинде Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында
Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде, Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 40жаштагы тургунунун жашап жаткан турак үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун Марказ айылында турак үйлөрдүн биринде, таңга жуук өздөрүнчө жыйын өткөрүп жаткан жеринен аныкталып кармалышты.
Алардын жанынан 26 китеп, 19даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.