Кадамжайда дарыяга аккан он жашар бала изделүүдө

0
632

12-июль күнү саат 20:40та Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш айылында Исфайрам дарыясына 10 жаштагы бала агып кеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Издөө иштери бүгүн, 13-июлда да уланууда. Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу жана Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, жергиликтүү элден 20 жаран тартылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь