Кадамжайда аткезчилик жолу менен акча ташып жүргөн тургун кармалды

0
1620

Облустук милициянын маалыматына караганда, Кадамжай районунун коңшулаш Өзбекстан менен чектешкен Алга айылында 32 жаштагы тургун өзүнүн башкарган унаасында коңшу мамлекеттен аткезчилик жолу менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринен кармалды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган акчалардын жалпы суммасы 11 млн 700 миң рубль жана 110 миң АКШ доллары далил катары алынган. 

Бул факты жазык кодексинин экономикалык контрабанда беренесинин негизинде, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь