Кадамжайда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсе ачылды

0
75

Бугүн, Кадамжай районунун жана Баткен облусунун тургундары үчүн жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси чылды. Кеңседе өзгөчө аялуу топтор үчүн өз убагында жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу БУУнун ӨПсынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондук бийлик, имаратты акысыз негизде берген, андан кийин ал оңдолуп, сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган.

Ал эми бул демилге Кыргызстандын Юстиция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Финляндия өкмөтү менен  биргеликте ишке ашырылды. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь