Кадамжай шаарында муниципалдык ишканаларды башкаруу боюнча тренинг өтөт

0
156

27-28-августта Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Муниципалдык ишкананы башкаруу жана жергиликтүү деңгээлде коррупцияга каршы күрөшүү» аттуу эки күндүк тренинг өтөт. Бул иш-чара USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында уюштурулуп, муниципалдык ишканаларды түзүү жана башкаруу боюнча айыл өкмөттөрүнүн адистерин даярдоого багытталган.

Тренингде катышуучулар муниципалдык ишкананы түзүү, анын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана өндүрүштүк пландоо боюнча негизги билимдерди алышат. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы механизмдерди күчөтүүгө жана муниципалдык ишканалардын ачык-айкын иштешине басым жасалат.

Иш-чаранын максаты — административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалдык ишканаларды натыйжалуу жана мыйзамдуу түрдө түзүү жана башкаруу үчүн айыл өкмөттөрүнүн адистерин даярдоо. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык иш жүргүзүү боюнча зарыл көндүмдөргө ээ болушат.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоору 2021-жылдан бери 900дөн ашык муниципалдык кызматчыны жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын окуткан. Бул долбоор Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь