Кадамжай районунда 6 ата-энеге айып пул салынды

0
820

Кадамжай райондук милициясы Кадамжай шаарында жайгашкан соода сатык түйүндөрүн, ашкана, чайкана, кафе-ресторандар, автовокзал жана дүкөндөрдү текшерип, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө соода-сатыкта өз алдынча жүргөн 4 бала аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми түнү максатсыз өз алдынча көчөдө жүргөн 6 бала аныкталып, алардын ата-энелерине укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол толтурулуп, айып пул салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь