Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну 1989-жылы туулган жаран жолдошу 1979-жылы туулган жаран экөө, өз ара уруша кетип, аялына бычак сайган.
Натыйжада аял денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Ал эми жолдошу, ошол эле күнү ал Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчада асынган абалда табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери жок болгон.
Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.