Баткен электр тармактар ишканасы, эртең 16-августта Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын бардык аймактарында күз кыш мезгилине карата даярдыктан улам электр энергиясы убактылуу өчүрүлөрүн кабарлады.
Ошондой эле оңдоп түзөө иштери «Айгүл-Таш» аба чубалгысында да жүргөндүктөн Баткен районунун Самаркандек, Паскы-Арык, Жайылма, Рават, Ак-Татыр, Орто-Боз, Ак-Сай, Капчыгай, Үч-Дөбө, Керме-Тоо айылдарында да электр жарыгы өчүрүлөт.