Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга учуп барган учагы боюнча түшүндүрмө берди.
«Урматтуу достор, өзүңүздөр билгендей, кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди.
Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет.
Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем.
АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады.
Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган”- деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.






