Эмне үчүн балдар коронавирусту жеңил өткөрүшөт. Республикалык штабдын маалыматын айтып беребиз.
Бирок бул балдарда оорунун оор түрлөрү же өлүм учурлары болбойт дегенди билдирбейт. Мунун баары кездешет, бирок чоңдорго караганда сейрек.
Коронавирусту жугузганда көпчүлүк учурда балдардын абалы канааттандырарлык болот.
Бул азыркыга чейин толук түшүнүксүз, ошондуктан бир нече теориясы бар деп айтылат маалыматта.
Баланын дем алуу органдарында клеткаларга жугуу үчүн коронавирус байланышкан рецепторлор аз.
Балдарда оордоштуруучу факторлор аз. Алардын кесепетинен COVID-19 оор формада өтүшү мүмкүн болгон өнөкөт оорулар дээрлик жок.
Кайчылаш иммунитет.
Балдар чоңдорго караганда сасык тумоого көп чалдыгышат, бул коронавирустун башка түрлөрүнөн да пайда болушу мүмкүн. Балким, жакында «сасык тумоо» вирустарына пайда болгон иммунитет жаңы коронавируска жакшы туруштук берет.
Кадамжайдагы Жийделик көлүндө милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө.






