Эми ПЧР тестти 490 сомго тапшырууга болот

0
503

13-июлдан баштап, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде ПЧР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул боюнча Республикалык штабдан маалымдашты.

ПЧР-тесттин төмөндөтүлгөн баасы, азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат. Мурда баасы 788 сом болгон.

Белгилей кетсек, бир катар категориядагы жарандарга COVID-19га акысыз ПЧР анализ жүргүзүлөт:Алар,

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
— Баткен окуяларынын катышуучуларына;
— Эмгектин ардагерлерине;
— 70 жаштан жогору улгайгандарга;
— “Баатыр эне” орденинин ээлерине;
— Майыптыгы бар жарандарга — көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтогу майыптарга;
— 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга;
— АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
— 6 жашка чейинки балдарга;
— жетим балдарга;
— аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь