ЭЛГЕ ЭМДӨӨНҮН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ

0
256

Баткенде 13-май күнү жетекчилер айыл тургундарына кызамык, кызылча оорусу боюнча эпид кырдаал тууралуу маалымат берип, эмдөөнүн зарылчылыгын түшүндүрүштү. 

Чогулушка Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, дин өкүлдөрү  катышып Кара-Бак айылынын элине эмдөөнүн маанилүүлү боюнча маалымат берди.

Адистердин маалыматында айылда оорунун көп катталып жаткандыгынын себеби, эмдөөдөн баш тарткан учурлардын көбөйүүсүндө экенин айтып, оору аба аркылуу жуккандыктан оорудан сактануунун жалгыз жолу эмдөө экенин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, учурда облус боюнча кызамык менен ооругандардын саны  304 адамды түзөт. Анын 27 учуру Баткен районунунда катталып, 13 учуру Кара-Бак айылынын тургундары болуп саналат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь