Элдик курултай: Баткен облусу боюнча кандай маселелер көтөрүлдү?

0
1267

Бишкекте бүгүн элдик курултай өтүп жатат. Ага Баткен облусунан 71 делегат катышууда.
Курултайда алар негизинен чек ара, жер-суу, миграция маселелерин козгоп жатат. Маселен Баткен шаарынын делегаттары негизинен шаар инфраструктурасын чыңдоо, элди табигый газ менен камсыз кылуу, сугат суу маселесин чечүү максатында, “Теке Секирик” долбоорун ишке ашыруу жана шаарды кеңейтүү маселелерин козгоду.

Ал эми Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнөн барган делегат Мурсалим Максүтов Кашка-Суу жана Ууру-Суу дарыяларына кичи ГЭС куруу, каналдар аркылуу 15 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу маселелерине токтолду.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылынан барган Жалил Каработоев болсо чек ара айылдарынын тургундарына курал колдонууну мыйзамдаштыруу зарылдыгын айтты.

“Азыркы күндө бизге бала-бакча да мектеп да үй да керек эмес, жан да керек эмес, азыр бизге тынчтык керек! Чек ара аймактарынын тургундары жер которуп жатат. Садыр Нуркожоевич бул маселени чечүү сиздин колдон келет. Ал чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарына курал колдонууга уруксат кагаздарын берүүңүздөрдү суранабыз”- дейт Жалил Каработоев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь