Кечээ, 9-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой менен жолугушту. Байсалов бул сапарында Тажикстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка да катышты.
Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министринин жолугушуусунда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, көп тараптуу тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.
Ошондой эле, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Эдил Байсалов тажик мамлекетине жана элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалап, Зиезода Сулаймон Ризойду жана тажик элин Тажикстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.