Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы тургуну 2021-жылдын май айынан бери, издөөдө жүргөн.
Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде, 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.