Издөөдө жүргөн баңги затын сатуучу жаран кармалды.Анын унаасынан 30 кг баңги зат табылган

0
1036

30-сентябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат каналын уюштургандыгы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңги зат сатуучу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

УКМКнын маалыматына таянсак, 2017-жылы атайын операциянын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып бөгөт коюлган. Анын натыйжасында Ош облусунун 1964-жылы туулган тургунунун унаасын текшерүү учурунда жалпы салмагы 30 кг болгон «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Бирок кармоо учурунда ал жаран белгисиз тарапка качып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып келген.

Азыркы учурда баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь