IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркиянын Изник шаарында өтөт

0
447

Үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым менен жолугушуусунда маалым болду.

Ошондой эле, Бинали Йылдырым төрага Талант Мамытовду аталган маданий-спорттук иш-чарага конок катары күбө болуп кетүүгө чакырды.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык,тараптар жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана бул жааттагы аксакалдардын ролу тууралуу сөз кылышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь