Ишкердин үйүнөн табылган ири каражат мамлекеттик бюджетке которулду

0
894

Ишкер Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылган 822 млн сом бюджетке чегерилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин маалым болгондой,анын үйүнөн курал-жарактар, атайын техника жана 822 млн сом табылып, шектүү эки айга камалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу айыпталуучунун кылмыш-жаза кодексинин куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренеси боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты моюнга алуу боюнча келишим түзүлгөн.Ага карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

12-сентябрда Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Журат Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айыппул төлөө каралды. Ошондой эле айыпталуучу буга чейин алынган 800 млн сомдон ашык акчанын кайдан келгенин тастыктай албагандыктан, ал сумма толугу менен бюджетке которулду. Ал эми курал-жарак, ок-дарылар жана согуштук техникалар ИИМдин карамагына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь