Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу китептери басылууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, китептер 120 миң нускада, кыргыз, орус, өзбек тилинде басылып жатат.Китептер октябрь айынын соңуна мектептерге жетет.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун 8-июндагы жарлыгына ылайык, “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы жаңы окуу жылынан баштап базалык окуу планына киргизилген.
Министрлик, аталган сабак боюнча окуучуларга атайын даярдалган 2 миң 200дөн ашуун педагог-теологдор жана тарыхчылар сабак берээрин билдирет.






