Данил бүгүн 20 жашка чыкмак

0
895

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан мекенин коргоп жатып курман болгон Данил Таалайбек уулу, бүгүн 26-сентябрда, 20 жашка чыкмак.

Бүгүн баатырдын туулган күнү.

Таалайбек уулу 2002-жылдын 26-сентябрында Баткен районунун Ак-Сай айылында туулган.

Жакындарынын айтымында Данил үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу.Үй-бүлөнүн жалгыз уулу эле.

Баатыр 2020-жылы өзү туулуп, өскөн Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев орто мектебин аяктап, ошол эле жылы өз каалоосу менен аскерге аттанган.

Ал Лейлектеги Айкөл чек ара тозотуна которулган. Арадан алты ай өткөндөн кийин Кулунду чек ара тозотуна которулуп аскердик кызматын аркалоону уланткан.2021-жылдын 21-сентябрында аскердик кызматын аяктап, айылына келет.

Элин, жерин коргойм деген жоокер, Капчыгай тозотунда ефрейтор наамы менен улук көзгө атар (снайпер) болуп иштей баштайт.

Ал жактан кенже сержант наамын алып, мекенине ак кызматын өтөп келген Данил, 16-сентябрь күнү баскынчы тажиктерден жерин коргойм деп шейит кетти.

Данилдин мекен алдында жасаган эрдиги,элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь