19-октябрда Сокулук районунда 70 жаштагы кемпир денесинде оор жарааттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Келтирилген оор жарааттарынын кесепетинен ал каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүү катары каза болгон адамдын небереси 23 жаштагы жаран, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чоң апасы небересин “ичкилик ичесин” деп урушканынан болгон”, — деп айтылат маалыматта.