Чек арадан коопсуз жайга чыккан жарандар үйлөрүнө кайтууда

0
894

Баткен облусунда чек арадагы жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кеткен 92 миң 521 тургун туруктуу жашаган жерлерине кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, кечээ 25-сентябрда Кыргызста менен Тажикстандын УКМК башчылары жетектеген делегациянын сүйлөшүүлөрүнөн соң, Камчыбек Ташиев чек ара айылдарынны тургундары үйлөрүнө кайтса болоорун айткан.
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунан 136 миң 770 жашоочу эвакуацияланган болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь