Чек арадан аскер кызматкеринин сөөгү табылды

0
4800

Кыргызстандын чек арачылары бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгүн тапты- деп билдирди КР УКМК Чек ара кызматы.
Денесинин 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан, анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болгон эмес.

“Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады”, — деп белгиленет Чек ара кызматынын маалыматында.

Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында керектүү материалдар генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга жөнөтүү үчүн даярдалды.

Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Д.Анарбековду издөө иш-аракети улантылат-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь