Чек арадагы окуяда жараат алган аялдын абалы оор бойдон калууда

0
1341

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен областындагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматына таянсак, чек арадагы окуяда жараат алган аялдын абалы оор. Ал көп кан жоготкон.

Белгилей кетсек, буга чейин маалым болгондой, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде, ошондой эле Паскы-Арык жана Достук айылдарында орун алган кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан Самаркандек айылынын 3 тургуну жабыркаган. Алар 21,31,12 жаштагы тургундар.

Бөрүбековдун маалыматында, жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Лейлек жалпы дарыгерлик профилактика борборуна жеткирилген. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, ошондой эле 31 жаштагы аялга чукул операция жасалган.

“Кан көп кеткендиктен операция оор өттү. Азыркы убакта абалы оор бойдон калууда. Ал эми калган эки жарандын абалы жакшы, бүгүнкү күндө дарыланууда. Дары дармектер ошондой эле кандын суюктуктары боюнча кеңири запастар бар. Ошондой эле Ош областынан дарыгерлер келген. Азыр Лейлектеги абалы оор делген бейтапка медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле консультация берүү үчүн жөнөп кетишти” деп кошумчалады Арзыбек Бөрүбеков.

Ал эми Кызыл-Кыя жана Кадамжай Жалпы профилактика борборунан келген кошумча дарыгерлер Баткен областтык биргелешкен ооруканасында дарыгерлер менен биргеликте иш алып барууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь