Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам үй-жайсыз калган 429 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Жардам ӨКМдин эл аралык уюмдар менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уюштурулган.
Жардам алуучу 429 үй-бүлөнүн Бишкек шаарында убактылуу баш калкалап жаткан 24 үй-бүлөгө таратылды.
Берилген жардам БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен алынды. Мындан сырткары БУУнун Качкындар жана дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында да көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле, БУУнун миграция боюнча эл аралык агенттиги тарабынан үй-жайы толугу менен өрттөлүп талкаланган баткендиктерге турмуш тиричиликке эң зарыл болгон буюмдар, кийим-кечелер берилди.