Кыргыз-тажик чек арасында жараат алган чек арачылардын абалы туруктуу.Бул боюнча Улуттук госпиталдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, эки аскер кызматкеринин тең абалы туруктуу. Абалы оор делген аскер да жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, аталган медициналык мекемеде дарылануусун улантууда.
Белгилей кетсек 3-июнда кыргыз тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр чатак орун алып,анда 2000-2001-жылы туулган эки кыргыз аскер кызматкерлери жараат алган.
Жараат алган аскер кызматкерлерине, Баткен облустук бириккен ооруканасында алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Бишкек шаарына жөнөтүлгөн болчу.






